Марал Радиосу

Катар-2022: Бүгүн Иран менен АКШ 1/8 финалга жолдомо үчүн ат салышат. Оюндардын графиги

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында бүгүн, 29-ноябрда тайпалык баскычтын 3-тур оюндары башталат.

А жана В тайпаларында 1/8 финалына кимдер чыгаары аныкталат.

Бул тайпада бир дагы команда плей-оффко жолдомо алган эмес.

Катар курамасы гана эки оюн катары менен утулуп, тайпалык баскычтан кийин оюнун аяктайт.

Калган командалардын күрөштү улантууга мүмкүнчүлүгү бар.

29-ноябрдагы беттештердин графиги.

21:00 Эквадор – Сенегал,  А тайпасы

21:00 Нидерланды – Катар, А тайпасы

01:00 Иран – АКШ, В тайпасы

01:00 Уэльс – Англия, В тайпасы