Марал Радиосу

Катар-2022: Португалия Уругвай курама командасын 2:0 эсебинде жеңип алды

Португалия курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 2-турунун алкагындагы беттеште Уругвай курамасын жеңип алды.

Н тобунун жолугушуусу Лусаил Айконик стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде португалиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Бул жеңиш менен, Португалия алты упай топтоп, турнирдин 1/8 финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздады.

Мындан тышкары, тайпалык таблицада Гана (3 упай), Түштүк Корея (1) жана Уругвай (1) турат.

2-декабрда 3-турда португалиялыктар Түштүк Кореянын командасы менен беттешсе, ошол эле күнү уругвайлыктар Гана курамасы менен беттешет.

Буга чейин дүйнөлүк чемпионаттын плей-офф баскычына учурдагы дүйнөнүн чемпиону француздар, ошондой эле Бразилия курамасы чыккан.