Эртең, 29-ноябрда көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Бишкекте 29-ноябрда жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +5…+7 градус болот.