Марал Радиосу

Катар-2022: Марокколук футбол күйөрмандары Брюсселде тополоң чыгарды (видео)

Moroccan soccer supporters cheer as they stand next to a burned out car in Brussels, Sunday, Nov. 27, 2022. Police had to seal off parts of the center of Brussels and moved in with water cannons and tear gas to disperse crowds following violence during and after Morocco's 2-0 win over Belgium at the World Cup. (AP Photo/Geert Vanden Wijngaert)

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Марокко Бельгияны утуп алгандан кийин, Бельгияда жашаган марокколук футбол күйөрмандары Брюссель шаарында баш аламандык уюштурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жеңишин майрамдап жаткан күйөрмандар, дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, унааларды оодарып, дөңгөлөктөрдү өрттөй башташкан. Бельгиянын желегин дагы өрттөгөнү жазылат.

Полиция аларды токтотууга аракет кылып, кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, атайын машиналар менен суу чачкан.

Тополоңдон улам, шаарда коомдук транспорт токтоп калган.

Бельгияда жарым миллионго жакын марокколук жашап, иштеп жүргөнү айтылат.

Белгилей кетсек,  27-ноябрда Марокко курама командасы Бельгиянын курама командасын 2:0 эсебинде утуп алган.

Эки беттештин жыйынтыгында Марокко төрт упай менен турнирдик таблицада экинчи орунда келе жатат.

1-декабрда Марокко тайпалык баскычтагы акыркы оюнун Канада менен өткөрөт.