Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 28-ноябрга түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;
Бишкекте 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +5…+7 градус болот.