Марал Радиосу

Токаевдин кайра шайлангандан кийинки биринчи сапары Орусияга болот

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Орусияга расмий сапар менен барарын Акорда жарыялады. Бул Токаевдин мамлекет башчылыгына кайра шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапары болот.

«Касым-Жомарт Токаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери видеоконференция аркылуу Казакстан менен Орусиянын аймактар ​​аралык кызматташуу форумуна катышат», — деп айтылат маалыматта.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул эки тараптуу орус-казак мамилелери үчүн абдан маанилүү болгон толук масштабдуу визит болот. Анда биргелешкен документтерге кол коюлат.

Айта кетсек, 20-ноябрда Казакстанда жаңы Башмыйзамдын негизинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. Анда Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31 пайызынын добушун алган. Жаңы Башмыйзамга ылайык, ал бул кызматты 7 жыл бир мөөнөткө аркалайт.