Марал Радиосу

УКМК депутат Жамгырчиевди кармап, кайра кое берди

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кайра кое берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сурабалдиеванын айтымында, депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдор кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу тажияга бара жатышкан. Бекеттен өтүп жатканда Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон. Эмил Жамгырчиев мына ошол бекеттен кармалган.

УКМК Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, депутаттар чогулгандан кийин кое беришкен.

Азырынча депутаттын эмне себептен кармалганы белгилүү эмес.

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттардын тизмесинде Эмил Жамгырчиев болгон.