Марал Радиосу

5 миң доллар пара сунуштаган жылуулук тармагынын кызматкери кармалды

«Кыргыз жылуулукэнерго» ишканасынын Каракол шаардык бөлүмүнүн директору пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК ушул жылдын 31-октябрында «Каракол жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын 2018-2021-жылдагы каржылык-чарбалык иштерин текшерген. Андан кийин мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү фактыларына байланыштуу 16-ноябрында кайрадан текшерүү жүргүзүлүп, эки жолку текшерүүнүн негизинде бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталган.

Иштин жүрүшүндө ишкананын директору Абай Орозалиев текшерүүнү токтотуу үчүн УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерине видео-аудио кайрылуу жасаган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (ири өлчөмдө пара берүү) менен кылмыш козголуп, Абай Орозалиев 5 миң доллар пара берип жаткан учурда колго түшүрүлгөн.