Айыл чарба министрлиги Кыргызстандагы үч көлмөгө балык багуу үчүн берүү боюнча сынак жарыялады.
Сынакка Панфилов районундагы 60 гектар аянтты ээлеген Пучук-1 суу сактагычы, Токмок шаарындагы 12 гектар аянтты ээлеген Токмок-2 көлмөсү, Тоң районундагы 1 гектар 20 сотых аянтты ээлеген Кош-Кара-Көл көлү коюлган.
Талап кылынгандай, сынактан өткөн тараптар көлмөлөрдү балык багуу үчүн гана пайдалана алышат. Башка багытта иштетүүгө болбойт.
Сынакка катышуу үчүн документтер ушул жылдын 12-декабрына чейин кабыл алынат. Сынак 15-декабрда өтөт.