Марал Радиосу

Балык баккан көлмөлөрдү ижарага берүү боюнча сынак жарыяланды

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандагы үч көлмөгө балык багуу үчүн берүү боюнча сынак жарыялады. 

Сынакка Панфилов районундагы 60 гектар аянтты ээлеген Пучук-1 суу сактагычы, Токмок шаарындагы 12 гектар аянтты ээлеген Токмок-2 көлмөсү, Тоң районундагы 1 гектар 20 сотых аянтты ээлеген Кош-Кара-Көл көлү коюлган.

Талап кылынгандай, сынактан өткөн тараптар көлмөлөрдү балык багуу үчүн гана пайдалана алышат. Башка багытта иштетүүгө болбойт.

Сынакка катышуу үчүн документтер ушул жылдын 12-декабрына чейин кабыл алынат.  Сынак 15-декабрда өтөт.