Марал Радиосу

Катар-2022: Сауд Арабиянын ар бир оюнчусу Аргентинаны жеңгени үчүн автоунаа алышат

Сауд Арабиянын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын биринчи айлампасында Аргентина курамасын жеңгени үчүн, ар бир оюнчусу жогорку класстагы Rolls-Royce Phantom автоунаасы менен сыйланат.

Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Мындай чечимди Сауд Арабиянын падышасы  Салман ибн Абдул-Азиз Ал Сауд кабыл алганы белгиленген.

1-турдан кийин Сауд Арабия курамасы тайпалык таблицада алдыда келе жатат.

Бүгүн, 26-ноябрда Сауд арабия Польша курамасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, 22-ноябрда Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында  Сауд Арабия  2:1  эсебинде  Аргентинаны утуп алган.

Катар-2022: Сауд Арабия жеңишин майрамдоо үчүн дем алыш күн жарыялады