Марал Радиосу

Казакстан президентинин ант берүү салтанаты өттү

Бүгүн, 26-ноябрда Казакстандын мамлекет башчылыгына кайра шайланган Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү салтанаты өттү.

Ант берүү салтанаты Нур-Султан шаарынын Эгемендик сарайында өтүп, ага парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары, ошондой эле экс-президент Нурсултан Назарбаев катышты.

Айта кетсек, 20-ноябрда Казакстанда жаңы Башмыйзамдын негизинде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөн. Анда Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31 пайызынын добушун алган. Жаңы Башмыйзамга ылайык, ал бул кызматты 7 жыл бир мөөнөткө аркалайт.

Касым-Жомарт Токаев 2019-жылы Казакстандын президенти болуп шайланган. Ушул жылдын январь айында болуп өткөн нааразылык акцияларынан кийин ал мамлекетте бир катар өзгөрүүлөрдү жасап, анын ичинде Башмыйзам кайра жазылган.