Марал Радиосу

Улукбек Марипов дагы эки өлкөгө элчи болуп дайындалды

Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов мурдагы ишин айкалыштыруу менен Бахрейн жана Египет мамлекеттерине да элчи болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-январда Ноокат районунда туулган. Учурда 43 жашта.

Ал 2022-жылдын 25-январынан бери элчилик кызматты аркалап келет. Ага чейин Кыргызстандын премьер-министри, министрлер кабинетинин төрагасы кызматында иштеген.