Марал Радиосу

Суталинов социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн эскертүү алганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Мурат Суталинов социалдык тармактагы билдирүүлөрү үчүн эскертүү алганын айтты.

Ал фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, УКМКдан эскертүү алганы тууралуу документтин көчүрмөсүн жайгаштырды.

Суталиновдун айтымында, 23-ноябрда УКМКнын кызматкери анын үйүнө келип, «сүйлөшүүгө чакырган.

Атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат бере элек.

УКМКнын мурунку төрагасы Мурат Суталинов 2019-жылы майда абактан бошотулган. Жогорку Соттун чечимине ылайык,  Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуя боюнча айыпталып, үй-мүлкү мамлекетке өткөрүлүү менен 25 жылга соттолгон. Ал дартына байланыштуу эки жума сайын Улуттук онкология борборунан химиятерапия алып турат.