Биз менен байланышыңыз

Журналисттерди коргоо комитети Болот Темировдун депортацияланышын айыптады

Кыска кабар | 24 Ноя 2022 | 428 | 0

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортацияланганына байланыштуу Журналисттерди коргоо комитети айыптоо билдирүүсүн таратты.

Анда айтылгандай, Кыргызстандын жараны, Борбордук Азиядагы коррупция боюнча эң мыкты иликтөөчү журналист Болот Темировдун депортацияланышы өтө жоопкерчиликсиз жана кекчил кадам. Бул Орусия Украина менен согушка мобилизацияланып жаткан кезде анын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн экени белгиленди.

«Кыргыз бийлиги Темировго жана анын Temirov Live каналына бир нече айга созулган куугунтукка чекит койгон бул чараны токтоосуз чакыртып алышы жана көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон куугунтуктарды жана тоскоолдуктарды токтотуусу керек» , — деп айтылат маалыматта.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту апелляциялык соттук отурумда Темировду баңгизатын сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча айыптардын негизинде актап, бирок Кыргызстандын паспортун алуу үчүн жасалма документтерди колдонгон деп тапкан төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми апелляциялык сот орус жана Кыргызстандын жарандыгын алган Темировду жасалма документ жасаган деген айып менен кошумча жаза катары депортациялоо чечимин чыгарган.

Темиров өкүм чыккандан кийин дароо кармалып, аэропортко жеткирилгенин анын жактоочусу Бакыт Автандил билдирди. Журналисттерди коргоо комитети ички иштер министрлигине кайрылып, маалымат алууга аракет кылган, бирок жооп болгон эмес.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек-Москва багыты боюнча өлкөдөн чыгарылганын Temirov LIVE баракчасы жазды. Маалыматка караганда, ал түшкөн учак 24-ноябрда Домодедово аэропортуна Бишкек убактысы боюнча саат 00:20да конот.

Иликтөөчү Болот Темиров өлкөдөн чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM