Мектеп окуучулары үчүн автобустар кийинки аптадан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жыйын учурунда кабарлады.
Анын айтымында, бул пилоттук долбоор № 29, 28, 69, 70 жана 13-мектептин окуучулары үчүн киргизилүүдө.
«Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка мектептер дагы камтылат», — деди ал.
Эскерте кетсек, долбоорду жеке компания жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте ишке ашырууда. Тариф маселеси мектеп жетекчилери, ата-энелер комитети жана окуучуларды ташый турган компания ортосунда сүйлөшүлүп, такталууда.