Марал Радиосу

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобустар кийинки жумада каттай баштайт

Мектеп окуучулары үчүн автобустар кийинки аптадан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жыйын учурунда кабарлады.

Анын айтымында, бул пилоттук долбоор № 29, 28, 69, 70 жана 13-мектептин окуучулары үчүн киргизилүүдө.

«Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка мектептер дагы камтылат», — деди ал.

Эскерте кетсек, долбоорду жеке компания жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте ишке ашырууда. Тариф маселеси мектеп жетекчилери, ата-энелер комитети жана окуучуларды ташый турган компания ортосунда сүйлөшүлүп, такталууда.