Акыркы убакытта социалдык тармактарга кванттык психология багыты боюнча окутуулар, тренингдерди өткөрөбүз деп психолог, коучтар жарнамаларын чыгарып жатышат. Алардын бири соңку кездери тренд болуп жаткан кванттык психология.
Айрым психологдор кванттык психология — аң-сезимдин күчүн өрчүтүүгө жана аны менен жашоону каалагандай өзгөртүүгө жардам берет деп ишендирсе, салттуу психология өкүлдөрү кванттык психология — илимий жактан далилденбегенин жана бул Ислам дининин баалулуктарына каршы келерин айтышууда. Кванттык психология эмне жана анын пайда-зыяны барбы?
Кванттык психологиянын теориясы XX кылымдын 90-жылдары пайда болгон. Анын жактоочулары адамдардын жүрүм-туруму классикалык илимий көз карашы менен алганда түшүнүксүз деп эсептешет. Себеби аны химиялык жана физикалык реакциялардын негизинде алдын-ала айтуу жана чечмелөө мүмкүн эместигин айтышууда. Ошондуктан бул багыттын жактоочулары кванттык механиканын принциптерин адамдын акылына карата колдонууну сунуштап жатышат.
Окумуштуулар Хамерофф менен Пенроуз адамдын аң-сезими бүт аалам менен байланышкан деген жыйынтыкка келишкен.
Алардын идеяларына ылайык, акыл толкундары менен физикалык толкундар дал келсе, адам ошол нерсе жөнүндө ойлоно баштайт. Бул учурда, ойлордун өзгөрүшү каалаган нерсенин касиеттерин да өзгөртө алат. Ошентип, аң-сезим курчап турган дүйнөгө түздөн-түз таасир этет, — деп жазат ачык маалымат булактарында.
Кванттык психологдордун көз карашында аң-сезим жана ой жүгүртүү физиологиялык‑химиялык процесстер деген мурда кабыл алынган түшүнүктөрдөн кескин айырмаланат.
Өзүн кванттык психолог деп тааныштырган Гүлзар Жусупова психологиянын мындай багытын – заманбап деп эсептейт. Кванттык психология аркылуу адамдын аң сезимине өтө терең кирип, жан дүйнөсүн изилдеп чыгууга болот деп түшүндүрдү. Ал аркылуу адамдын жан дүйнөсүн, жашоосун өзгөртсө болоруна ишендирди.
“Квант – бул энергиянын бөлүкчөлөрү деп айтылат. Энергия аркылуу биз адамдын кванттык талаасына кирип, ал жерден мисалы мен сиздин, сиз менин аң-сезимдериме кирип, толук сезе аласыз. Ошол терең сезимдер менен иштейбиз. Бул жакта адамдардын аң-сезими гана эмес, кан аркылуу тазаланса да болот. Себеби биз кванттык психологияда адамдын нерв клеткаларынын нейрондору менен иштейбиз”.
Психолог Разия Атамкулова кванттык психология илимий жактан далилденген деген пикирде. Ошол эле учурда терс кесепеттери да болушу мүмкүн экенин эскертти.
“Негизи илимий жактан далилденген. Бирок диний баалулуктарыбызга, акыйдабызга каршы келген жактары да бар. Эгер акыйдабызга каршы келбей турган болсо анда кванттык психологияны колдоно берсе болот. Муну аалам жараткан кванттык физиканын эле психологиясы деп атасак. А бирок “биз өзүбүз келечегибизди жаратабыз, укмуш болуп кетебиз, ушуну мен жараттым” дей турган болсок, анда такыр туура эмес болуп калат”.
Ал эми психолог Айнура Касым кванттык психология илимий жактан далилденбегенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы кезде өзүн коуч, психолог деп атагандар бул нерсени “мода” “бренд” кылып алып бизнеске айлантып алышкан.
Психолог кванттык психология кандай иштей турганын түшүндүрдү:
“Биздин диний баалулуктарыбыз менен алып караганда: сен дуба кыласың, анан ошол дубаң кабыл болот дегенди эле түшүндүрөт. Бул жерде адам ой жүгүртүүсү аркылуу сырткы дүйнөгө таасирин тийгизе алат деп айтышат. Мисалы: “Сен мээңде эмнени ойлосоң ошол нерсе көзүңө көрүнө баштайт. Эгер унаа алгың келип жатса, көзүңө кечке эле унаа көрүнө берет” деген нерсе. Бул ой жүгүртүүгө гана таасир этүү дегенди билдирет”.
Айнура Касым кошумчалагандай, мындай психологдор адамдын жүрүм-турумун, тактап айтканда эмнеге кубанат, аны кайсы нерсе нерселер капалантат, эмнелерге көңүлдөнөрүн изилдеп жыйынтыгына жараша бул багытты өнүктүрүүгө аракет көрүп жатышат.
Психолог Гүлшайыр Жунусова кванттык психология кванттык физикадан келип чыкканын, бирок психологиянын багыты катары илим болуп таанылбаганын айтты.
Ал кванттык психология кыргызстандыктардын көпчүлүгүнүн (ред, — 80% калк Ислам динине ишенерин билдирген) диний баалулуктарына туура келеринен күмөн санай турганын билдирди.
“Биздин диний баалулуктарыбызга туура келиши күмөн. Кванттык психологиянын негизинде реалдуу жашоодогу нерселердин себептерин, кесепеттерин издеп эле, ушул жашоо менен эле алек болуп жүрүшөт”.
Ал эми мектепке жоолук менен киргизилбей жаткан окуучу кыздардын укугун коргогон укук коргоочу Эржан Кайыпов кванттык психология чочулай турган нерсе эмес экендигин айтат. Эгер ал жакшы ниет менен жасалып жатса, диний баалуулуктарга каршы келбей турганын кошумчалайт. Бирок адамдарды алдоо жолу менен, акча табуу максатында гана болсо, каршы келет.
“Жакшы ниет, асыл ой, адал иш – бул жаратмандык энергияга ээ жана жакшы иштердин ишке ашуусуна өбөлгө түзөт. Бирок кайсыл бир кишилер туруп алып: “Мен сенин жашооңду өзгөртө алам”, “ушул жөнүндө ойлонсоң паланчадай болосуң” деп айтышса, кагазды алып 100 жолу “Мен миллионер болом” деп жаздыртып коюп, билим товарына айлантып, сатып, бизнес кылып, кээ бирлерди алдап коюшса – бул адамгерчилик сапаттарынын жана этиканын чектен чыгып кетишинен кабар берет”.
Талдоочулардын айтымында, аталган жаңы багыт илимий коомчулуктун текшерүүсүнөн өтүшү керек. Себеби адамдын акылы аалам менен байланышкан же аң-сезим реалдуу жашоону өзгөртө алам деген нерсе бир да жерде далилденип көрсөтүлгөн эмес. Андыктан түшүнүксүз терминологияны колдонгон шылуун адиситерден этият болууга чакырышты.