Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Сауд Арабия курама командасы Аргентинаны жеңгени үчүн майрамдашат.
Бул тууралуу Сауд Арабиянын маалымат булактары жазды.
Өлкөнүн падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Ал Сауд күйөрмандар улуттук курама команданын жеңишин майрамдоо үчүн 23-ноябрь, шаршемби күндү жумуш күнү эмес деп жарыялады.
Улуттук курама үчүн аргентиналыктарды жеңүү дүйнөлүк чемпионаттардагы көрсөткүчтөрдүн тарыхындагы төртүнчүсү болду.
Ага чейин команда 1994-жылы Мароккону (2:1) жана Бельгияны (1:0), 2018-жылы Египетти (2:1) жеңген.
Белгилей кетсек, 22-ноябрда Катарда өткөн дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Сауд Арабия 2:1 эсебинде Аргентинаны утуп алган.