Марал Радиосу

Орто кылымда бийликтин өкүмзордугун сындаган имам Сарахси

“Чынында, Аллага ишенгенден кийин мусулман үчүн, ал эркек болобу, аял болобу, эң чоң милдеттеринин бири — илим алуу. Билим — пайгамбарлардын мурасы!”

Имам Сарахси

XI кылымда Борбордук Азияда ханафий мазхабын орнотууда болуп көрбөгөндөй мээнет кылган улуу окумуштуу, чыгаан юрист имам Ас-Сарахсинин бардык мусулмандар үчүн өрнөктүү өмүрү оомалуу-төкмөлүү заманыбызда өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Ал Ханафи мазхабы боюнча берилчү жети илимий даражанын үчүнчүсүнө жеткен. Бул шариятта өкүмү так болбогон маселе же абал боюнча Ислам дининдеги усул, атайын эрежелерге таянып өкүм чыгара билген аалым дегенди түшүндүрөт. Имам Сарахсинин ким болгондугун, бул инсандын кыргыздарга кандай тиешеси бар экендигин төмөнкү маалыматтык текстте:

Имам Сарахси — Орто Азиянын орток аалымы

Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас Сарахси 1009-жылы Түркмөнстан менен Ирандын чегинде жайгашкан Мерв жана Мешхед шаарларына жакын Серахси деген жерде туулган. Анын даңазалуу атын коштогон жердин аталышы ушундан улам кошо айтылып калганы бекеринен эмес. Имам Сарахси узак жылдар бою Бухара шаарында белгилүү аалым Абдул Азиз Аль Халваниден таалим алат. Ал анын эң жөндөмдүү шакирттеринин бири болгон. Мындан сырткары Шейхул Ислам Абул Хусейн Али бин Ал Хусейн бин Мухаммадис Сууди Ал Ханафи жана Абул Хафс Умар бин Мансурул Баззаз сыяктуу белгилүү окумуштуулардан да билим алган. Имам Сарахсининин бир же бир канча илим боюнча устаттарынын жолун улаганын карай турган болсок,  анын бир учу имам Абу Ханифанын эң мыкты шакирттеринин бири болгон имам Мухаммад Аш Шайбаниге барып такалат.

Имам Сарахси өз заманында ханафий мазхабынын эң күчтүү окумуштууларынын бири болуп чыга келген. Бекеринен аны “Шамсу аль-Аимма” — “имамдардын күнү” деп аташпаган чыгар. Ал орто кылымда Кыргызстандын азыркы аймагында өкүм сүргөн Караханиддер өлкөсүндө жашап, бийликти өкүмзордук саясаты үчүн сындап, 15 жыл азыркы Өзгөн шаары жайгашкан аймакта зынданда жаткан.

Ханафий мектебинин эң таасирдүү юристи

Имам Сарахсинин мыйзамдар тууралуу пикири калк арасында кеңири айтылып, бардыгы аны укмуштуудай жазуучу деп эсептешкен. Мухаммад ас-Сарахси ханафий мектебинин эң таасирдүү юристи деп саналган. Бекеринен “эгер кайсы бир маселеде күмөнүңөр болсо, Сарахсиге кайрылгыла” деген сөз салтка айланып калбаса керек. Сарахсининин “аль-Масбут” аттуу китеби отуз томдон турган. Бул эмгек Ханафий мазхабынын негизги китептеринин бири болуп саналган. Кызыгы, бул китепти автор 15 жыл аралыгында колунда кагазы, калем сабы, сыясы жок жазган. Ал аны караңгы зындандын түбүндө шакирттерине оозеки айтып берип жаздырган. Окумуштууну зынданга салгандар аны илимди таштап, караңгылыктын түпкүрүнө житип кетет деп ойлошкон. Бирок, имам көралбастардын тилегин таш каптырып, өзүнүн эң мыкты китептерин түрмөдө отуруп жазган. Өзүнүн “Аль-Масбут” аттуу китебинде ал: “Чынында, Аллага ишенгенден кийин мусулман үчүн, ал эркек болобу, аял болобу, эң чоң милдеттердин бири — илим алуу. Билим — пайгамбарлардын мурасы” деп жазган. Анын бул сөзү пайгамбарыбыздын: “Пайгамбарлар аркасына мурас катары динар, дирхам калтырбайт. Алар аркасына мурас кылып билим калтырып кетишет. Кимде ким пайгамбарлардын мурасына ээ болсо, ал өзүнө жакшылыктын эң чоң үлүшүн алган болот” деген хадисинин маанисин толуктап турат.

Орто кылымда бийликтин өкүмзордугун сындаган имам Сарахси

Имам Сарахси Караханид башкаруучуларынын доорунда жашаган. Алардын өкүмдарлыгы орто кылымдарга туура келген заман эмеспи. Бекеринен бул доорду коркунучтуу орто кылымдар деп аташпаган чыгар. Тынымсыз согуштар, түрдүү эпидемиялар, адамдар арасындагы өз ара түшүнбөстүктөр өкүм сүрүп турган учурда түркөйлүк да күч алган. Бул учурда мусулмандар бир катар азаптарды башынан өткөрүшкөн. Бир тарабынан мусулмандар кресттүүлөрдүн бир канча ирет жасаган баскынына кабылса, бир тарабынан өз ич ара ыйкы-тыйкылыктар, араздашуулар ислам дүйнөсүн дал-далынан бөлүнүүсүнө себепчи болгон. Бул учурда караханий мамлекетинин башкаруучулары да өз окумуштууларынын ишмердүүлүгүнө кысым көрсөтүп башташкан. Алардын кээ бирлерин караңгы зындандарга ыргытышкан. Күн санап карапайым калктан жонун кайыштырган алымдар көбөйгөн. Эл мамлекеттин кысымынан жабыр тарткан. Мына ошондой кыйың кезеңде имам Сарахси бийликтин өкүмзордукчул саясатын сынга алып, ислам укугунун негизинде салыктарды төлөө боюнча фатваларды чыгарып баштаган. Ушундан тартып имам Сарахси бийликке жармашып жүргөн эки жүздүүлөр жана көралбастардын чекесине чыккан чыйканга айланган. Алар өкүмдар Хакан Амир Хасанга “имам Сарахси элди көтөрүлүш чыгарууга даярдап жатат” деп жалган маалымат беришкен. Хакан Амир Хасан имамдын аксакал куракка келип калганына карабай, илим жолундагы мээнетин эске албай, аны куугунтуктап баштаган. Бийлик аны Өзгөн шаарындагы түрмөгө камап, 15 жылга эркинен ажыратат. Бирок түрмө имамдын күчтүү эркин жана ислам динине болгон бекем ишенимин сындыра алган эмес. “Ат мыктысы кермеде, эр мыктысы түрмөдө” деген элдик накыл кеп мына ушул кеменгер имамга жарашса керек. Тескерисинче, түрмө Сарахсинин эң мыкты чыгармаларын жазган жай болгон. Бул учурда имам 64 жашка келип калган эле… Ушул 15 жыл аралыгында имам «Аль Мабсут», «Усуулул Фикх», «Шархус Сиярул Кабиир», «Зиядатуз Зиядат», «Шарху Жамиис Сагиир», «Шарху Жамиил Кабиир» сыяктуу эмгектерин жазып бүтүргөн. Зынданда кагаз, калем, сыя болбогон соң ал өз ойлорун зындандын жогору жагында кунт коюп тыңшап отурган шакирттерине айтып берип жаздырып турган.

Имам Сарахсинин шакирттери

Өз учурунда имам Сарахси бир катар чыгаан окумуштуулардын тобун да тарбиялап чыккан. Анын эң мыкты шакирттеринин атын атаганда:

  1. Усман бин Али бин Мухаммад бин Мухаммад бин Али Абу Умар ал Байкандий ал Бухарий,
  2. Абу Бакр Мухаммад бин Ибрахим Ал Хасарий,
  3. Шамсул Аимма Махмуд бин Абдил Азиз Ал Узгандий,
  4. Бурханул Аимма Абдул Азиз бин Мааза,
  5. Масуд бин Ал Хусайн Ибнил Хасан бин Мухаммад бин Ибрахим Ал Каштаний,
  6. Абу Хафсис Сагир Умар бин Хабиб,
  7. Рукнуд Дин Масуд бин Ал Хасан ал Кашаний сыяктуу окумуштуулардын аттарын атап кетпесек болбос. Айрыкча Имам Сарахси фыкх илимдерине кошкон салымы чоң болгону үчүн, андан кийинки аалымдардын китептеринде ага түз шилтемелер көп берилип келет.

Имам Сарахси Өзгөн шаарында кайтыш болуп, сөөгү ошол жерге коюлган. Имам Сарахсинин калтырып кеткен китептерин тизе турган болсок, бийиктиги адам боюнан бийик болорун айтып кеткенибиз туура болор. Ал өрнөктүү өмүр сүрүп, эч кимге арыз, доомат, датын айткан эмес. Жашоосунун эң кыйын кезеңдеринде да шакирттери менен бирдикте динге кызмат кылганын токтоткон эмес. Зынданда өткөргөн ар бир күнүн орозо менен, түнүн намаздар менен өткөргөн. Имам Сарахсинин Алланын мыйзамдарына, чындык менен адилеттүүлүккө берилгендиги, эки жүздүүлүк менен жалганды жек көргөндүгү бардык окумуштуулар жана мусулмандар үчүн улуу өрнөк болуп кала берет.

1087-жылы окумуштуу зындандан чыгарылган. Өмүрүнүн акыркы үч жылын эркиндикте өткөрүп, бүтпөй калган китептерин ийине жеткире иштеп чыккан.

Автор: Талгат Деркембаев

Автордун пикири жана позициясы редакциянын көз карашын чагылдырбайт.