Марал Радиосу

Өкмөттүн мектеп жана бала бакчаларга акысыз жер берүү убадасы

Ош жана Бишкек шаарына бала бакча жана мектеп куруучуларга мамлекеттик жерлер акысыз берилет. Аларга канализация, электр энергиясы жана суусу бекер киргизилет. Кошумча катары окууга колдонуучу курал-жарактар республикалык бюджеттин эсебинен берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, жерлер конкурстун негизинде кийинки жылдын февраль айынан бериле баштайт. Өкмөттүн мектеп жана бала бакча курууга ишкерлерге жер берүү планы коомчулкта колдоо табуу менен бирге суроолорду дагы жаратууда. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, калктын саны өсүп жаткандыктан Кыргызстан жылына жаңы 24 мектеп салып турушу керек. Бул маселени чечүү үчүн Ош жана Бишкек шаарына бала бакча жана мектеп куруучу ишкерлерге жер бекер берилет.

«Мектеп менен бала бакчаны жеке ишкерлерге беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди мэрлерге бердик. 2023-жылдын 1-февралына чейин аныктап, анан конкурска чыгарабыз. Кийинки жылы Кыргызстан боюнча 800 бала бакча ачылат. Анын ичинде 560ы 3 саат иштейт. Анан 5 саат иштегени болот, тамак ичпей эле, мектепке даярданып, түшкө чейин окуп келишет. Эки смена менен иштеген 247 жаңы бала бакча ачканы жатабыз. Бизде мектепке чейинки балдардын саны 1 млндон ашык. Ошондуктан айылда чоң-чоң үйлөрдө бала бакча ачам дегендерге уруксат берип жатабыз. Жалгыз гана бизде окууга колдонуучу курал-жарактар жок экен, аны республикалык бюджеттин эсебинен беребиз».

Бишкекте 90 мектеп бар. Норма боюнча ар бир класста 25тен окуучу эсептелгенде, 75 миң бала окушу керек. Бирок бүгүн Бишкекте 177 миң бала окуйт. Башкача айтканда, 100 миң балага мектепте орун жок. Чүйгө 557, Бишкекке 1784 жана Ошко 513 кабинет жетишпейт. Кыргызстан боюнча 72% мектеп эки мөөнөт менен окуйт. Ал эми Чүй, Бишкек жана Ошто 3-4 мөөнөт менен окушат.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров биринчи кезекте мамлекетке болгон ишеним болуп, жакшы келишимдер түзүлүп алардын ишке ашуруу көзөмөлдөндө мектеп жана бала бакча курууга көбү кызыгшат. Бирок алардын арасыннан дагы эң тажрыйбалуу жана мыктысын тандаш керек деген ойдо.

«Ош жана Бишкек шаарына бала бакча жана мектеп куруучуларга жер бекер берүү чечими эң жакшы деп ойлойм. Анткени коңшу өлкөдө жер, суудан тышкары ар бир окуучуга 1000 доллар өлчөмүндө кошумча акча беришет экен. Биз сунуштап жаткан ваучердик система дал ушуну сунуштайт. Биз ар бир бала бакча жана мектеп курган жана иштеткен жеке ишкерлерби, мамлекеттик кызматкерби ага карабай ар бир балага акча бөлүп берүү да. Мен ойлойм жер, суу, светтен тышкары ваучердик системаны дагы киргизиш керек. Ваучердик программаны албетте 1-2 жылда пилоттук долбоор катары бир шаар, бир айыл аймакты алып, текшерип көрүш керек. Ошондо кандайдыр бир кемчиликтер жана артыкчылыктар ортого чыгат, аларды оңдоп койсо болот. Билим берүү деңгээли кайсы бир мектепте төмөн болсо, демек ал жерде мугалим жана директорлор иштей албайт. Кадрларды жаңыртыш керек болот. Мындан башка дагы бир топ чаралар бар».

Бишкектеги «Интеллект» мектебин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов Өкмөттүн бул чечимин колдой тургандыгын, бирок ал ишке аша электигине байланыштуу азырынча популизм катары гана кабыл алып жаткандыгын атат.

«Албетте, жерлер берилсе жакшы болот. Бирок бир катар суроолор бар. Жерлерди кимдерге беришет, бизнес катары эле баарына береби, же тажрыйбалууларга береби ушул суроолорго жооп бериш керек. Билим берүүнү билбегендердин эле колуна берип койбош керек. Эгерде мектеп иштетип жаткан тажрыйбалууларга берилсе, ал кандай келишимдин негизинде берилет? Мисалга мектеп куруучулар акчасы бар экендигин көрсөтүш керекпи же банктан насыя алып курса болобу? Анан биз сураган жерден жер тилкесин беришеби, же таштанды полигиону жактан жер береби? Айтор суроолор көп жана шарттары түшүнүксүз. Өкмөткө жана бийлик өкүлдөрүнө элдин ишеними кетип калган. Ошолордун катарында мен дагы азырынча популизм катары кабыл алып жатам. Канчалык ишке аша тургандыгына толук ишене элекмин». 

Мурдагы экономика министри, Kyrgyz Concept компаниясынын президенти Эмил Уметалиев мамлекет бир кезде элден тартып алган жерди кайра элге канчалык тезирээк кайтарып берсе, элге ошончолук жеңилирээк боло тургандыгын белгилейт.

«Мамлекеттин элсиз эч нерсеси болгон эмес, болбойт. Ал баары бир элдики. Бирок мамлекеттик чиновниктердин көзөмөлүндө болуп калган. Ошондуктан жерди кайтарып беребиз десе, бул эң жакшы кадам. Ошону тезирээк, баарын эле кайтарып бериш керек эле. Экинчиден, ошол эле иш-чара менен баары чечилип калбайт. Анткени биздин көйгөйлөрдүн бардыгы чектөөлөрдүн көптүгүндө. Бир кезде 1917-жылы мамлекет элдин мулкүн тартып алып, элдин жашоо-шартын, талкалап, уратып, мурдагы мектептердин баарын жаап, «биз гана билебиз, балдарыңарды биз окутабыз, биз билгендей окутабыз» деп тартып алган мезгилден бери, элдин тандоосун таза жокко чыгарышкан. Азыр дагы чектелүү. Эгерде азыр мектеп жана бала бакчаларды ачуу боюнча мыйзамдарды карап көрсөңөр, ал жерде чектөөнүн үстүнөн чектөө. Ошондуктан, жарандар өздөрүнүн ыктыяры менен бала бакча жана мектептерди көбөйтүп ачканга мүмкүнчүлүктөрү болбой жатат. Анткени аябай көп тоскоолдуктар бар. Имараттардын бийиктиги 3 метрден кем болбошу керек деген сыяктуу керексиз, ашыкча тоскоол жараткан талаптар өтө көп. Анын бардыгы тең ачканга мүмкүнчүлүк бербей, коррупцияны жараткан нерселер».

Билим берүү тармагын каржылоодо мамлекеттик чыгымдар тынымсыз өсүп келе жатканын президент Садыр Жапаров белгилеп келет. 2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29.3 млн сом каралган. Анын 74.8% 120 миң кызматкердин айлык маянасына жумшалган. 2020-жылы бул сумма 39,9 миллиард сомго өскөн. 2022-жылга билим берүү тармагына кошумча 16 миллиард сом каралган.

Кыргызстанда биринчи жолу 100гө жакын мекеме-уюм депутаттар менен биргеликте билим берүү тармагындагы негизги маселелерди аныктап, аларды жоюу максатында «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун жазып чыгышкан. Долбоордогу негизги басым мектептерге эркиндик берүү, дерегуляция саясатын жүргүзүү жана мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу болуп саналат.

Exit mobile version