Марал Радиосу

«Мегаком» компаниясын сатуу маселеси каралууда

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Альфа Телеком» ЖАКын (MegaCom соода маркасы) 2023-жылы сатуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, компания болжол менен 14-15 млрд сомго бааланышы мүмкүн.  Акыркы наркты баалоочу компания аныктайт.

Бакировдун маалыматына караганда, «Керемет банктын», Кепилдик фондунун жана башкалардын мамлекеттик үлүшүн сатуу да пландалууда. Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жаткан 30 компаниянын тизмесин бекитти.

MegaComду 2021-жылдын август айында да Улуттук банк тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылган. Анда компания 19 млрд сомго бааланган.