Марал Радиосу

Бишкек менен Ошто мектеп, бала бакча куруу үчүн жер бекер берилет

Министрлер кабинети Бишкек жана Ош шаарларында мектеп жана бала бакча куруу үчүн жер тилкелерин бекер берүүгө даяр.

Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда Ош жана Бишкек шаарларында жерлерди инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат. Бала бакча же мектеп ачууну каалаган инвесторлорго жер бекер берилет.

«Мектеп, бала бакчалар жеке менчикке берилет. 1-февралга чейин мэрияга сынак өтө турган бардык жерлерди аныктоо тапшырмасы берилди. Инфраструктурасын да бекер алып келип беребиз. Жердин баарын мэрлерге бердик. Биз мындай жол менен барбасак болбой калды» , — деди Акылбек Жапаров.