Президент Садыр Жапаров 21-ноябрда Бишкек шаарындагы «Тунгуч» кичирайонунда салынган № 73 мектепти ачты. Мектеп 550 орунга эсептелген, 3 кабаттуу.
Садыр Жапаров бир жыл ичинде мамлекет тарабынан Бишкекте 15 мектеп курулганын, бул коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын эсебинен салынганын айтты.