Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында микрокаржы берүүчү уюмдар тарабынан 28,5 млрд сом насыя берилди. Аны алгандардын саны 476 миң адамдан ашты.
Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын 9 айына салыштырганда 2,9%га кыскарды, ал эми берилген насыяныны көлөмү тескерисинче 4%га өстү. Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарына, Ош, Жалал-Абад облустарына туура келет.
Майда насыяны жарандар эң көп күнүмдүк чыгымдары үчүн алышат.
2022-жылдын 9 айында калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 47%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына,
24%га жакыны айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө,
11%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө
7%ы курулушка багытталды.
2020-жылы микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6% — айыл чарбасына, 28,2% — керектөөгө, 10,4% — соода жана кызмат көрсөтүүгө, 8,1% — курулушка берилген.
Быйыл тогуз айда микрокредиттерди белгиленген мөөнөтүндө кайтаруунун деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга көбөйдү.