Марал Радиосу

Статком: Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 33%ды түзүүдө

Кыргызстанда 2022-жылга карата жакырчылыктын деңгээли 33%ды түзүүдө.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында Статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,3%га өскөн. Бир жыл мурун ал 20,1% түзгөн.

Буга чейин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, БУУ Кыргызстандагы жакырчылыкты жеңүүгө 90 миллион доллар бөлүүнү көздөөдө.