Марал Радиосу

ӨКМ: Балыкчыда иске ууланып бир адам каза болду

Бүгүн, 21-ноябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, 50 жаштагы жаран иске ууланып, каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, өрт саат 08:50дө толук өчүрүлгөн.

Каза болгон жаран алдын ала маалымат боюнча жалгыз жашаган.

Тилсиз жоонун жалпы аянты 64 чарчы метрди түзүп, үйдүн чатыры жана үй оокаттары күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.