Марал Радиосу

Кулундунун эли мыйзам иштебей жатканын айтып президентке кайрылды (видео)

Баткен облусуна караштуу Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл өкмөтүнүн тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Бул тууралуу «Интербилим- Ош» коомдук уюмунун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Видео кайрылууда элге келген гуманитардык жардам толук жетпей, орто жолдо жок болуп кетип жатканы айтылат.

Алар элге бөлүнгөн акчанын тегиз бөлүнүп берилбегенин жана мыйзамдын иштебей жатканын айтышкан.

Exit mobile version