Марал Радиосу

БУУ жакырчылыктан чыгуу үчүн Кыргызстанга 90 млн доллар бөлөт

БУУ Кыргызстандагы жакырчылыкты жеңүүгө 90 миллион доллар бөлүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эмгек министри Кудайберген Базарбаев Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында жакырчылыкты жеңүү боюнча чаралар жана Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан азык-түлүк коопсуздугу программалары тууралуу айтып берген.

Министрдин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 30,5 миң аз камсыз болгон үй-бүлө министрликтин ар кандай долбоорлоруна катышышты.

“Учурда 105 миң 500 үй-бүлө жөлөк пул алып жатканын эске алганда, жакырчылыкты жоюу чаралары менен дээрлик ар бир үчүнчү муктаж үй-бүлөнү камтый алдык десек болот. 2,9 миң адам мамлекет менен социалдык келишим түзүп, бюджеттен бекер акча алып, жеке бизнесин ачышты», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик ошондой эле Кыргызстан жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларды көрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча 15 миллион доллар алаарын билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,3%га өскөн. Бир жыл мурун ал 20,1% түзгөн.