Марал Радиосу

Жаңы жылдагы эс алуу күндөрү боюнча токтомдун долбоору сунушталды

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги «2023-жылга майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документ дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында иштелип чыккан.

Сунушталып жаткан эс алуу күндөрү:

— 1-январь жекшемби болгондуктан 2-январь эс алуу күнү болот.

— Рождество майрамынын ордуна эс алуу боло турган 9-январдагы эс алуу 3-январга которулат.

— 4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) жумуш күнү болот.

— 5-январдагы иш күнү 11-март (ишемби) менен алмашат.

— 6-январдын ордуна -25-март (ишемби) жумуш күн.

— 7,8-январь —ишемби жана жекшемби.