Марал Радиосу

Месси менен Роналду Louis Vuitton’дун чемоданын жарнамалашты

Франциянын ПСЖ клубунун чабуулчусу, аргентиналык Лионел Месси менен «Манчестер Юнайтеддин» жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Louis Vuitton брендинин жарнамасы үчүн сүрөткө түшүштү.

Алар Louis Vuitton брендинин сумкаларынын биринде шахмат ойноп, жарнамалашты.

Louis Vuitton’дун Instagram баракчасына жарыяланган сүрөткө «Жеңиш — бул акыл-эстин абалы» деп жазылган.