Марал Радиосу

Сауд Арабиянын башкы аудитору Кыргызстанга келет

Сауд Арабия Падышалыгынын башкы аудитору Хусам бин Абдульмухсин Аль-Ангари келе жаткан жылы Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

«Жолугушуу учурунда Х.Аль-Ангари мырза Кыргызстан менен жемиштүү кызматташууну улантууга жана керектүү делген жардамдарды көрсөтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Буга чейин алар Кыргызстандын Мамлекеттик аудити жогорку органынын базасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө жана жабууга колдоолор көрсөтүлгөн» , — деди Марипов.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик аудитинин жана Сауд Арап Падышачылыгынын башкы аудитинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууларды биргелешип даярдоону жана кол коюуну макулдашты.