Марал Радиосу

Сахалиндеги жарылуу: Каза болгондордун саны 7ге жетти (видео)

Сахалин облусунун Тымовск районундагы беш кабаттуу үйдө тиричилик газы жарылып, имараттын бир бөлүгү кулап түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү медиалар жарыялашты.

Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренко билдиргендей 7 адам каза болду, анын ичинен үчөө кичинекей балдар болчу.

Ал эми жабыргкагандардын саны 10дон ашты.

Көп кабаттуу үйдо жалпысынан 33 адам жашаган. Арасында табыла электер да бар.

“Бардык ыкчам кызматтар, анын ичинде дарыгерлер жеринде иштеп жатышат. Урандыларды тазалоо иштери улантылууда. Муниципалдык администрация ыкчам штаб түздү. Губернатор менен бирге тармактык министрлер Тымовскийге учуп кетишти”, — деди губернатор.

Сахалиндеги бул жарылууга байланыштуу Орусиянын кылмыш жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.