Марал Радиосу

Казакстандын мыкты мугалимдери үч миллион теңгеден жеңип алышты

Казакстандагы “Мыкты педагог – 2022” республикалык сынагынан 64 жеңүүчү 190 миллиондон ашуун тенге жеңип алышты.

Жергиликтүү медиа булактарынын маалыматы боюнча, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи Астанада болуп өттү.

Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетов үч миллион теңгеден акчалай сертификаттарды жана мектептердин, колледждердин мыкты мугалимдерине төш белгилерди тапшырды.

Ал кесиптештерин наамдын ыйгарылышы менен куттуктап, билим берүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мугалимдик кесип ар дайым эң кадырлуу кесиптердин бири болуп келген. Бүгүн сиздер, кесиптештер, Ахмет Байтурсынов, Ыбырай Алтынсарин сыяктуу көрүнүктүү агартуучулардын асыл ишин улантып жатасыздар. Өлкөнүн президенти мугалимдерге өзгөчө көңүл буруп келе жатат. 2019-жылы педагог статусу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Президенттин түздөн-түз тапшырмасы менен жыл сайын колледждердин тарбиячыларынын, мугалимдеринин, окутуучуларынын айлык акысы жогорулатылат. Мыйзам педагогдорду мурда көнүмүш көрүнүш деп эсептелген карама — каршы функциялардан бошотту», — деди министр.

Ал 2023-жылдын январынан тартып тарбиячылардын жана мугалимдердин айлыгы дагы 25 пайызга жогорулай турганын эске салды.

Сынактын республикалык этабында наам үчүн 123 мугалим ат салышкан. Жеңүүчүлөрдү коомдук бирикмелердин, өкмөттүк эмес уюмдардын, ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссия, журналисттер, педагогдор аныкташты.