Марал Радиосу

 Бишкек ЖЭБине Казакстандын көмүрү ташыла баштады

Бишкек жылуулук электр борборуна Казакстандан ташылып жаткан көмүрдүн алгачкы бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева кабарлады.

Кара-Жыра кенинен көмүр жеткирүү 2022-жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын май айына чейин жүргүзүлүүдө. Биринчи партия менен 64 вагон көмүр түшүрүлүп, дагы 65 вагон жолдо.

2021-2022-жылдагы кышкы мезгилде да Казакстандын Кара-Жыра кенинен Бишкек ЖЭБине 643 миң тонна D сортундагы көмүр алынган.

Бишкек жылуулук электр борборунда бүгүн, 18-ноябрга карата 172 миң тоннадан ашык көмүр бар. Күнүмдүк керектөө суткасына 7,2 миң тоннага жакын.