Марал Радиосу

«Маралдын» кабарчысы «Улан улансын» атайын сыйлыгын жеңди

«Марал ТВ» телеканалынын кабарчысы Азамат Убраимов адам укугу тууралуу эл аралык даректүү тасмалардын «Бир дүйнө — 2022» фестивалында «Күрөш» тасмасы менен «Улан улансын» атайын сыйлыгын жеңип алды.

Фестиваль 14-ноябрда башталган, 18-ноябрда жыйынтыкталат. Анда Кыргызстан, Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө тартылган 22 тасма катышкан.

«Күрөш» тасмасы көзү азиз спортчу жигиттин жашоосу тууралуу. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, башкаларга үлгү болуу үчүн жашоосундагы кыйынчылыктар менен күрөштү токтотпойт. Коомдогу стеоротиптерди, тоскоолдуктарды жеңип, майыптыгы бар жарандар да билим алып, ийгиликтүү боло аларына ишендирет. Каарман учурда журналистика кесибин окуп жатат.

«Бир дүйнө — 2022» фестивалы быйыл «Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал. Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар» темасына арналган.

Кинофестиваль 16-жолу өтүүдө.

«Күрөш» тасмасынын каарманы Дастан Камчыбековдун «Маралга» берген маегин бул шилтемеден окуй аласыздар:

Дастан: Көзү азиздер журналистикада окуй албайт деген стереотипти жойдум