Марал Радиосу

Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстанда калды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти» деген маалыматтар жалган экенин айтты.

«Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылып, жазылды. “Орто-Токой өтүп кетти” деген сөздөрдүн баары жалган. Өзүбүздө калды, биздин жер, биздин платинабыз”, — деди Ташиев.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу жана Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Жыйынга президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда.