Марал Радиосу

Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү ант берди

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болду.

Ант бергендер:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова;
— транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;
— энергетика министр Таалайбек Ибраев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.