Марал Радиосу

Ташиев: Өзбекстан Сол жээк каналын курбаганы үчүн Гавасайдан 12 849 гектар жер бергени турат

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара тилкесин тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорлору боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады.

Ал жетишилген чек араны тактоо иштеринин жыйынтыгында кыргыз тарапка өтө турган жерлер деп төмөнкү жерлерди атады.

«Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын курбаганы үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар алганы турат. Тактап айтканда компансация катарында. Ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары кирет.

Андан кийин Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик.

Дагы 35 гектар болгон Аксы районундагы  Унгар-Тоо участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антеналары жана радиорелей станциялары бар.

Ак-Таш участогу Кара-Суу району Кара-Суу шаарына кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик.

Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жерди алдык», — деди Ташиев.