Марал Радиосу

Улуттук банк валюта базарына 55 млн 200 миң доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 16-ноябрда интервенция жүргүзүп, валюта рыногуна 55, 2 млн доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна алты жолу интервенция жасап, жалпы 272 млн доллар сатты. Анын ичинен 10-мартка карата 66 млн 650 миңи накталай, калганы накталай эмес түрдө сатылды.

Буга чейинки интервенция 10-мартта жүргүзүлгөн. Анда 19 млн 450 миң доллар сатылган.

Валюталык интервенция Улуттук банк тарабынан алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзүлөт.

17-ноябрга карата доллардын расмий курсу 84 сом 42 тыйынды түзүүдө. Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 84 сом 50 тыйын болууда.