Марал Радиосу

Президент «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган редакциясына кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Жогорку Кеңештин регламенти парламент тарабынан Конституцияда жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт.

Буга чейин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзам президенттин каршы пикири менен кайтарылган.

Жогорку Кеңештин ушул жылдын 8-сентябрындагы № 463-VII токтому менен Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-июнунда кабыл алынып жана 19-августта президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча курамында 9 мүчөсү менен макулдашуу тобу түзүлгөн.

20-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынган.

ЖК Регламент

Регламент ЖК КР_pdf