Марал Радиосу

«Тик-Токту» жаап салса болобу? Депутаттар «Жарнама жөнүндө» мыйзамды талкуулашты

Мамлекеттик тил мыйзамынын нормаларын бузгандыгы үчүн ишканаларга тогуз айда 1 миллион 548 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Парламентин 16-ноябрдагы жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү талкууланып жатат. Депутаттар жарнактардын тексттериндеги каталарды оңдоону, көзөмөл кылууну талап кылышууда.

Депутат Балбак Түлөбаев «Жарнама жөнүндө» мыйзам иштеп кетиши үчүн жарнама чыгара турган тараптар мамлекеттик тил комиссиясынан уруксат алууну милдеттентирүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков жарнамаларда адепке туура келбеген сөздөр өтө көп кетерин, муну көзөмөлдөө керектигин айтты.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев интернет булактарындагы жарнамаларды көзөмөлдөөнү талап кылып, «Тик-Ток» социалдык тиркемесин жаап салса болоруна кызыкты. Жабылбаса да тарбиялык маанидеги роликтерди такай чыгарып турууну өтүндү. Себеби коом бузулуп баратканын айтты.

Бишкек шаарында 541 жарнамалык такталары бар. Андан ижаралык келишимдин негизинде айына 3 млн 31 миң сом түшөт, жылына 37 млн сом муниципалдык бюджетке түшөт.

«Жарнама жөнүндө» мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизүү биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.