Марал Радиосу

17-ноябрда борбор калаанын бир бөлүгү суусуз калат

«Бишкек суу канал» ишканасынын маалыматына ылайык, 17-ноябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин бир катар көчөлөрүндө таза суу берүү токтотулат.

Тагыраагы: Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волковой, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу берилбейт.

Бул убакытта «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштери жүргүзүлөт.