Марал Радиосу

«Тазалыктын» кызматкерлеринин маянасы 7 миң сомго көтөрүлгөнү айтылды

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкектин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев маалымат жыйын өткөрүп журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 7 миң сомго көбөйтүлдү.

Маянанын көтөрүлүшү боюнча чечим кызматкерлерге ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү жана шыктандыруу максатында кабыл алынганын кошумчалады.

“Мындан сырткары, тазалыкчылардын айлыгын 2023-жылы дагы көтөрүү пландалууда”, — деди ал.

Мындан тышкары, бүгүн Бишкек шаарынан мэри Эмилбек Абдыкадыров коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлык акысын көтөргөнү кабарланды.

Маалыматка ылайык, “Бишкексвет”, “Тазалык”, “Бишкекжашылчарба”, “Бишкексуучарба”, “Бишкек шаардык аза кызматтары агенттиги” жана Мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт.

Белгиленгендей, жакын арада аталган кызматтардын кызматкерлеринин тамак-ашына жана транспорттук чыгымдарына кошумчалар эске алынып, кайра эсептөөлөр жүргүзүлөт.

Кошумча маяна муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине каржылык колдоо көрсөтүү жана кадрлардын алмашуу пайызын азайтуу максатында берилет.