Марал Радиосу

«Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси энергетика министринин орун басары болду

Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мирлан Жакыпов 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 24-майына чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген. Андан кийин кызматтан кетип, 2022-жылдын июлунда кайрадан «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилигине келген.

Энергетика министри быйыл октябрь айында алмашып, Доскул Бекмурзаевдин ордуна Таалайбек Ибраев дайындалган.