Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карады.
Анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоору да каралды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы айрым жерлерин ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Айыл чарба министрлиги даярдаган. Баяндама жасоого УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келери айтылган. Бирок анын ордуна Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев маалымат берди.
Кемпир-Абад: Кыргыз жарандарынын сууну пайдалануусуна тоскоолдук болбойт
Талкудан кийин тармактык комитет Өзбекстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоону ратификациялоону дароо үч окууда колдоду. Жети депутат «макул» деген добуш берди:
— Улан Примов,
— Лейла Лурова,
— Чолпон Султанбекова,
— Жылдыз Таалайбек кызы,
— Улан Бакасов,
— Ырысбек Атажанов,
— Шайлообек Атазов.
Ага чейин беш депутат келишимге каршылык билдирип, кворум болбошу үчүн жыйын залынан чыгып кетишти. Алар: Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Нилуфар Алимжанова.
Ал эми вице-спикер Улан Примов жыйынга комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышкандыгын жана кворум болгонун билдирди.
Жогоруда айтылган келишимдер эми парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.