Марал Радиосу

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган жумушчу топ түзүлөт

Эгер муктаждык болсо президенттик аппарат «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн жумушчу топ түзөт.

Бул тууралуу президенттик администрациянын укук башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов журналисттерге билдирди.

«Жакын арада жумушчу топ түзүлөт, 20га жакын иштей ала турган ЖМК өкүлдөрү кирип, биргеликте мыйзам долбоорун аягына чыгарабыз» , — деди ал.

Бүгүн, 15-ноябрда «Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгу демилгелер» аталышында тегерек стол уюштурулду. Анда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.

Сайттарды бөгөттөө мыйзамы. Маданият министрлиги өзгөртүү киргизүүнү сунуштады