Марал Радиосу

Бишкекте кандагы кантты өлчөө боюнча акция өтүүдө (сүрөт)

Бүгүн, 15-ноябрда дүйнөлүк кант диабети менен күрөш күнүнө карата Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору канттагы канды текшерүү акциясын “Бишкек парк” соода үйүндө өткөрүүдө.

Жарандар кандагы канттын деңгээлин, кан басымын, боюунун узундугун, салмагын бекер өлчөп, эндокринологдон кеңеш алушууда.

Иш-чара саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтөт.

Кант диабети үчүн кан анализин тапшыруу үчүн ач карын кабыл алынат.

Кыргызстанда жалпы 70 миң адам кант диабетине чалдыкса, алардын 16 миңи Бишкек шаарынын жашоочулары.

Дүйнөлүк саламакттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2019-жылы кант диабетине кабылгандардын саны (20-79 жаштагылардын арасында) 463 миллионго жеткен. Анын негизги фактору — ашыкча салмак жана туура эмес тамактануу.