Марал Радиосу

«Унаа жолдору жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттик угууда талкууланат

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өтөт.

Мыйзам долбоору 12-октябрда биринчи окууда кабыл алынган.

Парламенттик угууга катышуу үчүн депутаттар, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.

Мыйзам долбоорунун максаты, автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, оңдоо жана аларды пайдалануу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу.