Марал Радиосу

Айдоочулук күбөлүктү алуудагы айла-амалдар

Коррупциялашкан айдоочулук күбөлүк алуу процессин ачык-айкын кылууну президент өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында кайрылуу жасап, коррупциялашкан тармак тартипке келмейинче жеке өзү көзөмөлдөй турганын билдирди. Айдоочулук күбөлүк берүү мекемелериндеги коррупциялашкан системаны жоюу кантип ишке ашат?

Айдоочулук күбөлүк алуудагы коррупциялык иштерди токтотуу үчүн бир канча жылдан бери ар кандай ыкма колдонулуп келатат. Ошого карабай, жакында эле Жалал-Абад облусунда күбөлүк берүүдөгү коррупциялык аракеттер ачыкка чыкты. Бул жагдайга президент Садыр Жапаров дагы пикир билдирип катаал жаза колдонуларын айтты.

Жапаров өз кайрылуусунда “Унаа” мамлекеттик ишканасындагы арам иштер тыйылмайынча өз көзөмөлүндө болорун билдирди.

““Унаа” мамлекеттик ишканасынан айдоочулук күбөлүктү сатып алуу мүмкүндүгү, айрым чиновниктердин, айрыкча, күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жээк-жаатына белек катары берип келгени эч кимге жашыруун эмес.
Мындан тышкары, ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты жеке өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да жок эмес. Аларга аёо болбойт”,
— деп жазылат кайрылуусунда.

Айдоочулук күбөлүк алууда мурда ким тест тапшырганы билинбеген система болсо, ал 2018-жылдан тарта ар бир адам өзү гана тапшыра ала тургандай биометрикалык жана персоналдык идентификация системасына өткөн.
Бирок, бул ыкманы да айланып өткөн аракеттер тыйылбай жатат.

Жарандык активист Эртай Исаков коррупциялык схеманы жоюуну президент көзөмөлдөй албай турганын айтат. Ал алгач айдоочулук күбөлүктү берген комиссиянын катарын тазалоо керек деген пикирде. Күбөлүк берүү укугу буга чейин ИИМдин көзөмөлүндө болуп, кийин Мамлекеттик каттоо кызматына өтүп, кайра ИИМдин көзөмөлүнө кайтарылган. Бирок, комиссиянын курамында дайыма ички иштер министрлигинин кызматкерлери болуп келет.

“Комиссиянын ичинде өмүр бою ИИМдин кызматкерлери отурат. Ошол кызматкерлерди, күбөлүк бере турган комиссиянын өзүн негизи тазалаш керек. Ал жерге аты булганбаган, сатылбаган, таза иштеген кадрларды алып барып коюш керек. Ошондой эле жарандык коомдон дагы мүчө кошушу керек. Алар дайыма болбосо дагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн өтүп жаткан сынактарга барып, көзөмөл жүргүзө ала тургандай мүмкүнчүлүк берсе, оюмча канча бир пайызга азаймак”, — деди активист.

Исаков “Унаа” ишканасынын азыркы жетекчилигинин иш-аракеттерин баалай турганын, бирок ошентсе да коррупциялык схемалар уланып жатканын кошумчалады.

Ал коррупцияга баруу кыйындашканы менен анын “акысы” жогорулаганын айтты. Айдоочулук күбөлүктү мурда 6-7 миң сомго сатып алчу болсо, азыр 12-15 миң сомго бааланып жатканын мисал келтирди.

Бул жагдайды жөнгө салуу үчүн президент жеке тапшырмаларды берип, көзөмөлүн күчөткөнү менен, ал жетишсиз.

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкер кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов бул багытта коомдук көзөмөлдү күчөтүү керек деген пикирди колдойт. Ал “Унаа” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусундагы филиалында коррупциялык шарттарды түзүп алгандар сөзсүз жоопко тартылып, дагы ушундай көрүнүштөргө каршы жапа тырмак күрөшүү керектигин айтат.

“Ошол жерде коррупциялык жашыруун шарттарды түзүп алган экен. Алар жоопко тартылат деп толук кандуу ишенем. Республика боюнча ушундай көрүнүштөр болсо, коррупциялык элементтер байкалса же ушул сыяктуу маалыматтар чыкса, ошону журналисттер болобу, блогерлерби, активисттерби, укук коргоо органдарыбы, айтор баарыбыз жапа тырмак ошого каршы күрөшпөсөк болбой калды. Президент абдан туура айтты, муну көзөмөлдөп, каршы күрөшүш керек”, — деди Даутов.

2021-жылы катталган жол кырсыктарынын 70 пайызында айдоочулар күбөлүгүн 1 жылдан 10 жылга чейинки аралыкта алганы аныкталган. Даутов булардын баары күбөлүктү сатып алган деген пикирде.

Ал буга талапка жооп бербеген автомектептердин да айыбы бар экенидигин кошумчалады.

Бишкек шаарындагы автомектептердин биринде айдоочулук күбөлүктү берүү шарттары тууралуу кызыгып көргөнүбүздө, алар бизге алгач ар бир адам менен келишимге келерин айтты.

Бишкектеги автомектептердин биринин жетекчиси Асель Загибаева мектеп эки жарым жылдан бери жүздөгөн курсанттарды бүтүрүп чыкканын айтат. Ал мектепке келген ар бир жаран менен жеке сүйлөшүү өткөрүп, андан соң кабыл алат.

“Биз эки жарым жылдан ашык убакыттан берки ишмердүүлүгүбүздө, биздин курсанттар мамлекеттик экзаменди өз күчү менен тапшырышына басым жасап келебиз. Албетте, биринчи жолку экзаменден кулап калуу – бул уят эмес. Ал жерде толкундануу, кабатырлануу болуп, тапшыра албай калышы мүмкүн. Бирок кийинкилеринде сөзсүз тапшырат. Биз муну окуу башталгандан аяктаганча айтабыз. Бизге келгендердин баары менен башында келишип алабыз: ар ким өз күчү менен аракет кылып, өтүшү керек. Коррупциялык элементтерге жол бербейбиз. Анктени мен булар менен күн сайын бир жолдо жүрүп, бир кесилиштен өтөм. Бул шаарда менин балдарым, ата-энем жүрөт. Ошондуктан, биздин башкы милдетибиз баарыбызга коопсуз боло тургандай даражада окутуп, үйрөтүү”, — дейт жетекчи.

Загибаева жолдогу кырсыктардын деңгээли күбөлүк сатып алуудан улам же окубагандардын айынан жогору болууда деген пикирлерди төгүндөдү.

Ал катталган жол кырсыктарынын көпчүлүгү жогорку ылдамдыктан улам же жол чырактагы белгилерге байкоо салбагандыктан улам келип чыгарын кошумчалады.

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын Көзөмөлдөө, талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Мухтар Жунушев айдоочулук күбөлүк берүүнү көзөмөлдөө былтыркыга салыштырмалуу кыйла жогору экенин айтып, буларга токтолду:

“Система ИИМге өткөндөн бери аябай көп эле жумуш жасадык. Министр баш болуп күбөлүк берүүнү катуу көзөмөлгө алдык. Быйылкы отчет боюнча, бүгүнкү күнү сынакты 10 айдан бери 181 миң курсантыбыз тапшыра албай жатат. Былтыркы 10 айга салыштырсак, 2021-жылдын ноябрына 100 928 курсант тапшыралбай жүргөн. Бул быйыл 81 миңге көбөйүп, коррупция кыскарганын билдирет”

2022-жылдын октябрь айына чейинки маалыматка караганда, автомектептерди аяктап, сынак тапшыргандардын 21 пайызы гана өтүп, калган 79 пайызы сынактан кулап калган.

Кыргызстанда расмий маалымат боюнча 272 автомектеп окутууга лицензиясы бар. Апрель айынан бери алардын 142си текшерилип, 18и жабылды жана 47сине айып салынды. Талапка жооп берген 13 мектеп бар экени айтылат.

Статистика комитенин жарым жылдык маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын алгачкы алты айында 3 миң жол кырсыгы катталган. Андан 4629 адам жабыр тартып, 248 жаран каза болгон.

Exit mobile version